Оштогу эски "Келечек" базары жабылып, соодагерлерди көчүрүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта калаа мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, соодагерлер жаңы "Келечек" базарына көчүрүлүп жатат.
Буга чейин эски “Келечек” базары 1-марттан тарта жабылып, соодагерлер этап-этабы менен көчүрүлөрү тууралуу маалымдалган. 20-февралда Ош шаарынын мэриясынын алдына "Келечек" базарынын сатуучулары жаңы базар боюнча маселе айтып,
чогулушкан.