Биз социалдык тармакта

Оштогу мэриянын алдына көчүрүлөт делген "Келечек" базарынын сатуучулары чогулду (видео)

Бүгүн, 20-февралда Ош шаарынын мэриясынын алдына "Келечек" базарынын сатуучулары жаңы базар боюнча маселе айтып, чогулушту.

Жаңы дайындалып барган мэр Жанар Акаев алардын алдына чыгып, жолукту. Калаа башчысы убакыт керек экенин айтып, жаңы базардагы маселелерди жеринде көрүп келүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранып, чогулгандарды тынчтандырды. Ал сатуучулардан дүйшөмбүгө чейин убакыт алды.

Сатуучулар жаңы базар ыңгайсыз жана талаптарга жооп бербейт деген жүйө келтиришүүдө.

Эскерте кетсек, экс-мэр Жеңишбек Токторбаев 1-мартта шаардын сыртына курулган жаңы "Келечек" базарына азыркы сатуучулар көчүрүлө тургандыгын айтып, курулуш бүтүп калгандыгы маалым болгон.

Оштогу мэриянын алдына көчүрүлөт деген "Келечек" базарынын сатуучулары чогулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан