Ысык-Көл облусундагы “Ак шыйрак” чек ара тилкесинде атышуу боюнча жүрүп жаткан иштерден президент Алмазбек Атамбаев үзгүлтүксүз кабар алууда. Муну президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Айта кетсек, бүгүн, 23-январда аталган аймакта белгисиз адамдар менен чек арачылардын ортосунда атышуу болгон. Окуя болгон жерге кошумча күчтөр жөнөтүлдү. Анда 2 адам каза тапканы айтылды.