Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында депутаттар жол коопсуздугу боюнча маселе каралууда. Маселе боюнча алгач вице-премьер-министр Токон Мамытов баяндама жасады. Мамытов докладын орусча окуп баштады. Жарымдап калганда депутат Алтынбек Сулайманов андан кыргызча баяндама жасоону талап кылды. Буга вице-премьер-министр кызууланып кетти. “Дайыма эле кыргызча сүйлөп жатам го. Бир жолу орусча сүйлөп койсом чуу чыгарасыз”,- деди Мамытов.
Төрага Асылбек Жээнбеков да кыргызча баяндама жасоону эскертти. Ошондон кийин Мамытов баяндамасын кыргызча окуп бүтүрдү.