Кыргызстанда автокырсыктардын 80 пайызына айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы себеп болот

Кыргызстанда автокырсыктардын 80 пайызына айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы себеп болот. Муну парламенттин 23-январдагы жыйынында Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаев билдирди. Айтымында, авто мектептердин сапатын жогорулатуу учурдун талабы. 
Депутат Тынчтык Ураимов болочок айдоочулардан сынак алууда авто мектептер чала иштеп жатканын билдирди. Эскерте кетсек, жыйында жол коопсуздугуна арналган маселе каралууда. Ага өкмөт өкүлдөрү, тийиштүү органдардын өкүлдөрү катышып жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан