Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов өкмөт өкүлдөрүнөн оң рулдуу унаалар боюнча өкмөттүн акыркы чечими кандай болгонун сурады. Вице-премьер-министр Токон Мамытов билдиргендей, азырынча бул маселе боюнча өкмөт бир чечимге келе элек. “Жумушчу топ иштеп жатат. Ишин бүтсө премьер-министр кол коёт”,- деди Мамытов.