Бишкекте "Баарыңар лыжа тебүүгө" деген ураан алдында кышкы спорт майрамы өтөт

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Стрельниково айылындагы спорт базасында "Баарыңар лыжа тебүүгө" деген ураан алдында кышкы спорт майрамын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Бишкек шаарындагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, социалдык мекемелеринин балдары катышат. Программага чана, лыжа тебүү жана башка кар менен байланышкан оюндар киргизилген.

Катышуучулар 7-февраль күнү саат 8-00дө шаардын райондук администрацияларынын алдында чогулуп, саат 9-00дө автобус менен спорт майрамына сапар алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан