
Кээде адам өзүн жумушта, дос, туугандар арасында, алтургай үйүндө да ашыкча, керексиз сезип, дарегине дайыма сын угууну күтүп калат. “Бул психикалык оору” дейт психолог Мээрим Мураталиева. Андан кантип арылууга болорун төмөндө айтып беребиз.
Түртүндү болуу сезими...
Бейтааныш жерге барганда адам өзүн ынгайсыз сезип, ичтен кыжалат боло түшөт. Ал барганда сүйлөшүп жаткандар токтоп, баары аны сынай карап, алтургай жактырбай жатышкандай сезилет. Андай учурда адам ал жерден эртерээк чыгып кеткиси келет. Эгер мындай учурлар абдан көп кайталансачы? Бул өзүнө ишенбестик, уяндык же комплекспи? Жок, бул чөйрөдөн, коомдон өзүн ашыкча, кем, түртүндү, эч кимге керексиз сезүү синдрому.
Эски травмалардын кесепети...
Синдромдо адам анын келишине кубанган чөйрөдө, мисалы, туугандардын арасында да өзүн жат, ашыкча сезет. Баары анын артынан сөз кылып жатышкандай, сүйлөшсө да кичи пейилдик же аргасыздыктан сүйлөшүп жатышкандай сезилет. Айланасындагыларга салыштырмалуу өзүн акылсыз, кебетеси же кийими начар, сүйлөгөн сөзү да орунсуз деп кабыл алат. Бул адамдын түйүлдүк же бала кездеги психологиялык жаракаттарынан улам болот.
Синдромду эмнелер жаратат?
•Ичтен жээринди болуу. Бала түйүлдүк кезде апасынын аборт жасатуу же “ушул баланы төрөбөй койсом деле болмок” деген ойлорго кептелүүсү. Курсактагы бала төрөлгүчө апасынын эмоцияларын сезип, аны менен “азыктанып” жашайт. Жээринди болуп жатканын сезгенде мээсинде “менин эч кимге керегим жок” деген психологиялык жаракат пайда болот жана өмүр бою жашайт.
•Баланын мээримге тойбой калышы. Буга эне баласын эмчектен эрте чыгарып, бала багуучуга же жакындарына таштап иштеп кетүүсү, ата-эне ажырашкан сон баланын толук эмес үй-бүлөдө өсүшү таасирин тийгизет.
•Ата-эненин муздактыгы. Баланы уруп-урушуу, башка балдарга салыштырып сындай берүү, баланы четке түртүүсү, тыюулардын көптүгү.
•Буллинг. Бала физикалык жана психикалык басынтууга кабылат. Атасы же апасы жок экендиги, денесиндеги кемчилиги, коркоктугу жана башкалары үчүн мектепте келеке-шылдынга алынышы, зомбулукка кабылышы мүмкүн. Адатта аны топко кошо беришпейт. Балада өксүк, өзүн керексиз сезүү сезими күчөйт. Демек, ата-эне, мектеп тарабынан кетирилген кемчиликтер баланын бүтүндөй жашоосун бузуп коюшу ыктымал.
Ошондой эле...
Бала кезинде мээримге тойбогон бала эмоциясын сыртка чыгара албайт. Башкалардын кайгысын же кубанычын бөлүшө албайт. Демек, башкалар менен баарлашууда көйгөй жаралат. Көнүл сыртында өскөн бала эч кимге ишенбей чоноёт. Анткени анда кичинесинен эле “ар бир адам өз көйгөйүн өзү чечиши керек” деген түшүнүк калыптанат. Жакын адамдарына да ишенбей, алардын жакшы ниет менен сунуштаган жардамынан баш тартат. Ашыкча тыюулар, урушуп, уруу, түртүндү болуу, улам сынга кабылуу, башка балдарга салыштырыла берүүнүн дагы бир жыйынтыгы – өзүн-өзү төмөн баалоо.
Кичинесинен эч кимден үмүт кылбай чонойгон бала кийин деле айланасындагыларга көп кайрылбайт. Өзү да убадасын аткарбайт. Мындан улам коомдон четтеп калат. Достору болбойт, айланасындагылар ага ишеним артышпайт. Башкалардын ою менен жашоо да убагында жетиштүү мээрим көрбөгөн адамга таандык сапат. Өз ою жок адам баарын башкалардын кенеши менен жасап, башкаларга жагынып жашайт.
Кантип арылууга болот?
Балдар боюнча... Ата-эне баласын туура эмес тарбиялап жатканын байкаса, анда баланы аталган синдромдон куткаруу үчүн балдар психологуна алып барышы, баласы менен кошо өздөрү да атайын терапиядан өтүшү кажет. Анткени өзүнүн кемчилигин ондобогон ата-эне баланы калыптагыдай тарбиялай албайт. Балага мамилени ондоо, анын кызыкчылыктары, ою менен эсептешип, баланын ишеничине кире баштоо жана башкалар керек болот. Бул, албетте, узак убакытты талап кылат. Балага катуу мүнөздүү тарбиячы эмес, мээримдүү, колдоп, арка-жөлөк болгон ата-эне керектигин чондор билиши керек.
Чондор боюнча...
Психологдун жардамына кайрылуу керек. Адегенде эле сиз өзүнүздүн “жаман адам” эмес экенинизди андоонуз зарыл. Психолог же психотерапевттин жардамы менен сезимдеринизди талдап, сиздеги психологиялык травмалар качан, кантип пайда болгонун билүүнүз жана андан арылуунуз кажет.
Травмалардан арылууда өзүнүзгө жардам бериниз
• Бирөө жаман сын айтса, “ага эмне жамандык кылдым эле?” деп өзүнүздөн сурап, жооп издениз. Сын туура эмес айтылды деп тапсаныз, оюнузду ачык айтып, андан жакшы мамиле кылууну талап кылыныз.
• Көпчүлүктүн алдында башкаларга кандай көрүнөм, чач жасалгам, кийимим жакшы элеби деп толкундана берүүнү таштаныз. Андай жерде имараттын же бөлмөнүн жасалгасын, башкалардын кийимин караныз. Ушинткенде мээниз маалыматтарды иштетүүгө өтүп, паникалык ойлор аз болот.
• Чоочун адамдардын арасында өзүнүздү жакшы сезбей жатканынызды ачык айтсаныз, алар туура кабыл алышат.
• Баарына жагууга аракет кылууну таштаныз. Сиз баарына жагууга милдеттүү эмессиз.
• Синдром адамды бүкүрөйүп, колду айкалыштырып, “коркунуч” абалында отурууга жеткирет. Андыктан башты бийик көтөрүп, ийинди түздөнүз. Минткенде кортизол гормону азайып, өзүнүзгө ишеним келет.
• Баарлашып жаткан адамдын көзүнө тике караныз жана башка.
Балада синдром жаралбашы үчүн...
Ата-эне дагы эмнелерди билиши зарыл? Мисалы, үйдө экинчи, үчүнчү бала төрөлгөндө улуусуна “эми сен чоноюп калдын” деп сөз менен да, мамиле менен да билдирүүнүн кажети жок. Балдар бул сөздү “биз сени мындан ары жакшы көрбөйбүз, эми керегин жок” дегендей эле кабыл алышат. Баланыз менен көп ойнонуз, эмне жегиси, кандай кийим кийгиси келип жатканын сурап, анын каалоосу менен эсептешиниз. Бала өзүнүн башкаларга керек экенин, анын ою, пикири да маанилүү экенин кичинесинен билип чоноюшу керек.