Биз социалдык тармакта

Президент министр кызматына сунуштаган 10 адамдын 9у коррупционер болуп чыкканын айтты

Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри кызматына сунуштаган 10 талапкеринин 9у жемкорлукка тиешеси бар болуп чыкканын айтты.

"Кечээ күнү өзгөчө кырдаалдар министрине 10 талапкерди сунуштасам, 9у коррупционер деген жыйынтык чыкты. Бирөөнү сунуштасаң эле, "ой, ал бул ишке аралашкан, ал тигиндей" дешти. Анан "ай, деле министр болчу таза кадр Кыргызстанда калдыбы?" дедим",- деди өлкө башчы бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында.

Айта кетсек, кечээ күнү өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов кызматынан алынып, ага пара алуу боюнча кылмыш иши козголду. Анын ордуна Канатбек Чыныбаев дайындалды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан