Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановго жазылган арыз боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматты бүгүн, 11-мартта Башкы прокуратура тастыктады.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Айта кетсек, Шамырканов кечээ күнү кызматынан алынган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ал министрдин орун басары болуп турган кезде пара алган деп шектелип жатканын кабарлаган.