Бүгүн, 23-январда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин милдетин аткаруучу Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын казылык кызматына экс-муфтий Чубак ажы Жалиловду дайындады. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Кыргызстан мусулман дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардын борбордук мечитинде жамаат менен бешим намазын бирге окуган муфтий Максатбек ажы Токтомушев сөз сүйлөп, Чубак ажы Жалиловду жамааттын алдында куттуктап, ишине ийгилик каалады.