Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана анын жакындары кантип "Кыргызнефтегаз" ишканасынын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу жарыяланган иликтөөгө түшүндүрмө берди.
"Ачыгын айтыш керек, “Кыргызнефтегаз” толугу менен УКМКнын көзөмөлүндө болгон. Силер жакшы билесиңер, биздин салыкчылардын айрымдары да УКМКнын тузагына илинип, камакта отурат ушул убакка чейин. “Кыргызнефтегазды" текшерүү мүмкүн эмес болчу. Азыр салыкчыларга мүмкүнчүлүк түзүлдү, барып текшерип, иликтеп чыгардык. Эми эки жол турат: же ачыкка чыгыш керек же жаап-жашырып коюш керек болчу. Биз ачыкка чыгардык",- деди Шыкмаматов "Азаттыкка".
Айта кетсек, Салык кызматы Ташиев жана анын жакындарынын мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган.