Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары 2021-жылдан бери "Кыргызнефтегаздын" кирешесине ээ болуп келишкени тууралуу видео жарыялады.
Анда каражаттарга ээлик кылуу боюнча коррупциялык схемалар ачыкталат. Алсак, акыркы 5 жыл ичинде мамлекеттик ишкана 879 миң тонна чийки мунай өндүргөн. Өндүрүлгөн мунайдын болжол менен 30 пайызы ортомчу компанияларга сатылган. Даяр продукцияларды мамлекеттик ишкана кайра кымбат баа менен сатып алган. Ортомчу компаниялардын дээрлик бардыгына Камчыбек Ташиевге жакын адамдар жетекчилик кылган. Бул схемадан улам мамлекетке жылына 3 миллиард 148 миллион 908 миң сом зыян келтирилип турган.
Ошондой эле мунайды кайра иштетүүдөн алынган эң кирешелүү продукциялар болгон мазут жана дизелдик отун жеке компаниялар аркылуу сатылганы баяндалат. Мисалы, дизелди заводдон Таймурас Ташиевге таандык компания алып, кийин муниципалдык ишканаларга кайра сатып турган. Мындан мамлекеттик ишкана жалпы 4 миллиард 175 миллион 680 миң сом зыян тартканы айтылат иликтөөдө.