Биз социалдык тармакта

Таймурас Ташиевге кылмыш иши ачылганы айтылууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевге ИИМ тарабынан кылмыш иши козголгонун айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазышууда.

Бирок, ал так кайсы берене боюнча шектелип жатканы белгисиз. ИИМ азырынча расмий маалымат бере элек.

Айта кетсек, Салык кызматы Ташиев жана анын жакындарынын мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. Анда Таймурас Ташиевдин аты да аталат. Анын аты буга чейин да социалдык тармактарда тараган аудиожазууда аталган. Анда ишкер Таймурас заводун тартып алганын айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан