Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев кесиптеши Эрулан Кокуловду сынга алды.
Ал Кокуловду трибунада жеке маселелерди эмес, көйгөйлүү маселелерди көтөрүүгө чакырды.
"Эрулан мырза трибунага чыгып алып, өзүнүн жеке маселесин 10-15 мүнөт сүйлөп, депутаттардын убактысын алып жатат. Өзүнүн жеке маселелерин социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып алып айтсын да. Бул жерге чыкканда мамлекет үчүн мыйзам жазып жатам деп кайрылса, анда макул дейт элек. Эми бул жерге туруп алып, "мен милиция кызматкери менен уруштум, мен журналист менен уруштум" деп отурат. Урушса, анын өзүнүн жеке иши.
Өзүнүн округунун көйгөйлөрү толтура да, алар жөнүндө эч нерсе айтпайт эле, анан жеке маселелерин айтып жатат. Эми, ушул жерде Эрулан мырзаны эле угуп отура беребизби? Анын жеке чатактарынын бизге кереги да жок. Трибунада эки колун чөнтөккө салып турат",- деди эл өкүлү.
Түмөнбаев парламент төрагасы Марлен Маматалиевди трибунадан 10 мүнөт сураган эл өкүлдөрүнүн көтөрө турган маселесине карап сөз берүүгө чакырды.
Мунун алдында Эрулан Кокулов трибунадан 10 мүнөт алып, журналисттердин ишмердүүлүгүн сынга алды.