Биз социалдык тармакта

"Илим деген мырза ачык эле "ушакчымын" дейт". Эрулан Кокулов журналисттерди сынга алды

Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов журналисттердин ишмердүүлүгүн сынга алды.

"Мен буга чейин журналисттерге көп эле эскертүүлөрдү берип келдим. Мыйзамды одоно бузасыңар. Силерге мыйзам жазылган эмеспи? Илим (ред.: Илим Карыпбеков) деген бир мырза бар, ал ачык эле "мен ушакчымын" деп айтат",- деди ал.

Эл өкүлү парламенттин 29-январдагы жыйынында айткан сөзүн эске салып, андагы сөзүн атайылап айтканын билдирди.

"Ошондо мага чалышып, "Эрулан сен жаңылдың, сен журналисттерге тийишип алдың, эми булар сенин артыңдан аңчылык башташат" дешти. Бирок бул жерде журналисттер бир нерсени түшүнгөн эмес, мен ушул сөздү айтып жатканда, журналисттер артымдан чабуул кылышарын билгем. Бул атайын провокациялык сөз болгон. Анткени алардын мыйзам бузуучулугун ачыкка чыгарыш керек",- деди Кокулов.

"Илим деген мырза ачык эле "ушакчмын" дейт". Эрулан Кокулов журналисттерди сынга алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан