Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева парламент төрагасы Марлен Маматалиевге кайрылып, депутаттарга бирдей мамиле кылууга чакырды.
Ал трибунада жеке арыз-муңдар айтылбашы керектигин белгилеп, ал үчүн подкасттарга барууну сунуш кылды. Анан спикерге мурунку фракциялашына сөз бере берүүнү токтотушу керектигин айтты.
"Мүмкүн силердин мурдагы фракциялаш катары жакшы мамилеңер бар. Трибунадан бир эмес, бир канча жолу сөз берилип жатат. Менин деле арыздана турган сөздөрүм көп. Ар бир депутаттын жеке маселелер, куугунтуктар боюнча айта тургандары көп. Бирок жеке маселени, таарынычтарды атайын подкасттарга барып айтыш керек",- деди эл өкүлү.
Мунун алдында Эрулан Кокулов трибунадан 10 мүнөт убакыт алып, журналисттерди сынга алган.