Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата белгиленген концерттик иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, куттоо сөзүн айтты.
Ошондой эле өлкө жетекчилигинен парламент төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана шаар башчысы Айбек Жунушалиев да аянтта болушту.