Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамы менен куттуктады.
"Уюткулуу улуу журтубузга ар бир кыргызстандыктын батасы тийип, Кыргызстаныбыз тычтыкта, барчылыкта өнүгүп, жаңыра берсин", - деди ал.
Өкмөт башчы ошондой эле өлкөдө акыркы 5 жылда жасалган иштерге токтолуп, жогору баа берди.