Чолпон-Атада Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү боюнча мелдеште биринчи лиганы "Бийиктик" командасы багындырды.
Команда финалда "Көл-Төр" менен беттешип, 6:2 эсеби менен жеңип алды. "Арашан Биримдик" 11:3 эесебине "Эрнамыс" командасын утуп, биринчи лигада 3-орунду камсыздады. Аталган лиганын финалдык оюндары 20-мартта өттү.
Ал эми көк бөрү боюнча турнирдин жогорку лигасынын финалдык беттештери 21-мартта болуп өттү. Анда "Намыс" командасы чемпион болсо, "Ынтымак" 2-орунду, "Шахтёр" 3-орунду алды.