Биз социалдык тармакта

"Намыс" командасы "Ынтымакты" жеңип, көк бөрү турниринде чемпион болду

Кечээ, 21-мартта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган турнирде жогорку лиганын финалдык оюндары орун алды.

Алгач "Шахтёр" жана "Алтын-Альянс" командалары кез келип 3:2 эсебинде "Шахтёр" командасы 3-орунду ээледи.

Финалда Таластын "Ынтымак" командасы менен Нарындын "Намыс" командасы кез келди. Командалар оюндун 3-бөлүгүндө тең чыкканына байланыштуу кошумча убакыт берилип, натыйжада теңир-тоолуктар алтын салымды салып, турнирдин жеңүүчү аталды. Ошентип эсеп 4:3 менен "Намыстын" пайдасына чечилип, команда 1 миллион 500 миң сом утуп алды.

Нарындан чыккан команда жогорку лигада алгачкы жолу чемпион болуп отурат. Буга чейин жогорку лиганы бир нече жолу жеңип келген "Ынтымак" командасы бул ирет 2-орунду алып калды. Бул лигада дагы бир күчтүү команда "Достук" оюндан четтетилген болчу.

"Намыс" командасы "Ынтымакты" жеңип, көк бөрү турниринде чемпион болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан