Биз социалдык тармакта

Имамидин Ташов сот отурумунда ага карата болгон кыйноолорду ачыктады (видео)

19-март күнү жеке ишкер Имамидин Ташов боюнча Бишкек шаардык сотунда кезектеги сот отурум болуп өттү. Ал өз сөзүндө иштин тергелүүсү учурунда кысым көрсөтүлгөнүн жана анын укуктары бузулганын белгиледи.

Мындан тышкары, жактоочуларынын алмашканын жана камалганын белгилеп, президент болгусу келсе мыйзамдуу жолду тандаарын айтты.

Ошондой эле жактоочусу андан мамлекет 53 миллион сом төлөтүп алганын белгилеп, ишкер 2 жылдан бери бейкүнөө отурганын кошумчалады.

Эске салсак, былтыр июль айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Имамидин Ташовду 9 жылга абакка кескен.

Имамидин Ташов 2024-жылдын 22-апрелинде Чүй облусунун Кайыңды айылынан УКМК тарабынан кармалган.

Имамидин Ташов сот отурумунда ага карата болгон кыйноолорду ачыктады 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан