Имамидин Ташов 9 жылга эркинен ажыратылды

Ишкер Имамидин Ташов 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жактоочу Асел Аргымбаева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Маалыматтарга ылайык, чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан чыккан. Мамлекеттик айыптоочу соттон айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча 15 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоону сураган. Сот Ташовдун мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга абакка кесүү чечимин кабыл алган.

Буга чейин ишкерге бийликти күч менен басып алуу аракети, бийликти басып алуу боюнча коомдук чакырыктар жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча айыптар коюлган.

Белгилей кетсек, Имамидин Ташов Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети былтыр 22-апрелде билдирген.

30-октябрда ишкер Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салды деген маалымат тараган. Аталган окуя боюнча УКМК маалымат берип, Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап өзүнүн ден соолугуна залал келтиргенин билдирген.

Былтыр 17-декабрда "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов кайрадан өз өмүрүнө кол салып, курсагынын оң жак тарабын тилип жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан