Дүйнө менен кош айтышкан Кыргыз Эл артисти Абдыкалык Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-мартта саат 11:00дө Бишкектеги Кыргыз драма театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Айта кетсек, жакында эле президент ага Кыргыз Эл артисти наамын ыйгарган. Актёр рак илдети менен күрөшүп жаткан.
Абдыкалык Акматов - театр жана кино тармагында 50 жылдан ашык кызмат өтөгөн, белгилүү кыргыз актёру. Ал сахнада жана кинодо ондогон ролдорду аткарып, көрүүчүлөрдүн жана кесипкөй коомчулуктун алкоосуна ээ болгон.