Кыргыз Эл артисти, актёр Абдыкалык Акматов дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз Эл артисти Майрамбек Осмонов билдирди.
Айта кетсек, жакында эле президент ага Кыргыз Эл артисти наамын ыйгарган. Актёр рак илдети менен күрөшүп жаткан.
Абдыкалык Акматов - театр жана кино тармагында 50 жылдан ашык кызмат өтөгөн, белгилүү кыргыз актёру. Ал сахнада жана кинодо ондогон ролдорду аткарып, көрүүчүлөрдүн жана кесипкөй коомчулуктун алкоосуна ээ болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты актёр Абдыкалык Акматовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.