Украина. Демонстранттар оппозиция лидерлерин бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөөгө чакырышууда

Киевдин борбордук көчөлөрүндө митингге чыккандар оппозиция лидерлерин бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөөгө чакырышууда. Бул тууралуу 24-январда украиналык басылмалар жазып чыгышты.  Украинанын президенти  Виктор Янукович менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтып берүү үчүн Майданга оппозициянын лидерлери Виталий Кличко, Олег Тягнибок жана Арсений Яценюк келген.

Кличко бийлик өкүлдөрү тарабынан ким канча жылга кесилери тууралуу коркутуулар болгонун айтты. Тягнибок майдандагыларга кайрылып, “камалган активисттердин бошотулуусу үчүн Грушев көчөсүн бошотосуңарбы?” дегенине митингчилер бийликке каршылык көрсөтүүнү улантышарын айтышты.

23-январда  оппозициянын үч лидери эгер президент чукул шайлоо жарыялабаса, демонстранттар чабуулга өтөрүн эскертишти. Ал эми премьер-министр Николай Азаров Киевдеги демонстранттарды төңкөрүш жасоого даярданып жатканы үчүн айыптап, оппозициянын президенттик шайлоону мөөнөтсүз өткөрүү талабы азыркы шарттарда реалдуу эместигин белгилеген.

Маалыматка ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 07:00дө (Киев убактысында саат 03:00) демонстранттар Грушев көчөсүнө барикада орнотушту. Күч органдарынын кызматкерлери да алыс эмес жерде турушат.  

Украинанын Ички иштер министрлигинин 23-январда берген маалыматына ылайык, Киевдеги демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда күч органдарынан 254 адам жаракат алган.

“Евромайдан” штабынын медициналык жардам кызматынын координатору Олег Мусийдин айтымында, каза болгондор моюн, көкүрөк жана башына октон жаракат алышкан. Кагылыштарда 5 адам набыт болгону айтылды. Бирок расмий маалыматта 3 адамдын көз жумганы айтылууда.

23-январда демонстранттар батыштагы Львов шаарында жергиликтүү губернатордун кеңсесине чабуул коюшуп, аны отставкага кетүү жөнүндө арыз жазууга мажбурлашкан эле. Бул факты боюнча шаардык прокуратура кылмыш ишин козгоду.

19-январда башталган кагылышта демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышса, тартип коргоочулар көздү ачыштыра турган газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонушкан. Активисттер полиция ок чыгарганынан адамдар каза болууда дешсе, Ички иштер министрлиги полиция кадимки окту колдонбогонун айтышкан. 

Украинада өкмөткө каршы демонстрациялар былтыр ноябрда президент Януковичтин өкмөтү Евробиримдик менен тыгыз алака түзүүгө алып баруучу келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин тутанган.Декабрда Киевдин көчөлөрүндө тынч демонстрацияларга 200 000 миңдей киши жыйналган эле. Бирок митинг-демонстрацияларды чектөө боюнча жакындагы мыйзамдар аларды кайра күчөтүп, демонстранттар менен полиция өткөн жекшембиден бери кагылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан