Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин иш бөлмөсүн алуудан депутат Курмантай Абдиев баш тартты. Айта кетсек, “Ата Журт” фракциясынын 24-январдагы жыйынында фракция лидери Мыктыбек Абдылдаев улуу депутат деп ал бөлмөнү Абдиевге берүүнү сунуштап, депутаттар макул болушкан эле. Курмантай Абдиев: “Ал иш бөлмөсү фракция лидерине ылайыкталган. Мен алганым туура болбой калат. Фракция жетекчиси ар кандай жолугушууларды өткөрөт, иш бөлмөсү кенен болгону жакшы. Ал кабинетке өзүңүз эле отуруңуз”,- деди Мыктыбек Абдылдаевге.
Муну фракциядагы башка депутаттар да колдошту.