Биз социалдык тармакта

Лукашенко Ким Чен Ынды Беларуска чакырды

Беларустун президенти Александр Лукашенко Түндүк Кореянын төрагасы Ким Чен Ынды Минскке келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт билдирген.

"Биз Ким Чен Ынды Беларуста көргөнгө ар дайым кубанычта болобуз. Кечээ сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент аны биздин өлкөгө келип кетүүгө чакырды",- деген Эйсмонт.

Белгилей кетсек, Беларустун лидери Түндүк Кореяга 25-мартта расмий сапар менен барган. Анын алкагында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык келишимине кол коюшту.

Буга удаа Лукашенко Ким Чен Ынга автомат белек кылганы кабарланган. Ал эми Ким Чен Ын конокко алтындан кооздолгон кылыч, Лукашенконун сүрөтү түшүрүлгөн буюм идиш жана жолугушууну эске салган алтын медаль белек кылган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан