Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга автомат белек кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялады.
Маалыматка ылайык, Лукашенко КНДР лидери үчүн VSK автоматын белек кылып, Беларусиядагы белек кылынган курал үчүн акча төлөө салтын аткарткан.
"Курал ар дайым солдат үчүн керек болот. Балким, душманың пайда болуп калса", - деген Беларус президенти.
Ал эми Ким Чен Ын конокко алтындан кооздолгон кылыч, Лукашенконун сүрөтү түшүрүлгөн буюм идиш жана жолугушууну эске салган алтын медаль белек кылган.