Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтты.
"8-чакырылышка талапкерлигимди көрсөткөндө БШК бүт бардыгын текшерип, анан кабыл алышкан. Шайлоодо 6259 добуш алгам. БШКнын жетекчилиги мени 19 күндөн бери текшерип жатат. Соттук чечим болсо, ИИМ бир күндө эле маалымкат берет. Мындай маалымкат БШКга 3 күндө эле келет. Мына буга чейин бир нече депутаттар бир нече күндүн ичинде Жогорку Кеңешке келишти.
Жогорку Кеңештин депутатын БШК дайындабайт, алар Башмыйзамга ылайык элдин талабын аткарышат. БШК 3 күн ичинде мандат берүүгө милдеттүү. Бүгүн 19 күн болду. Мындай окуя эгемендүү Кыргызстандын тарыхында болгон эмес",- деди ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап.