Биз социалдык тармакта

УКМК экс-депутат Конгантиевди кармаганын ырастады

Жакында Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырган Кубанычбек Конгантиев кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ырастады.

Атайын кызмат 45 жаштагы экс-депутатка коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында кылмыш иши козголгонун белгиледи.

Маалыматта ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелип жатканы айтылат.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан