Бүгүн, 24-январда “Ата Журт” фракциясынын жыйынында “Кумтөр” маселесин кароо башталды. Ага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү органдардын жетекчилери, эксперттер катышууда. Алгачкы сөз өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге берилди.