Биз социалдык тармакта

Ташиев Нарынга алып барган мэр кызматынан бошотулду 

Жайнак Немат уулу Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Президенттин администрациясы анын ордуна Жылдызбек Беккелдиев дайындалганын кабарлады.

Айта кетсек, былтыр 25-июлда Немат уулу Нарын шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал бул кызматка барганга чейин УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Немат уулуна кызматты убадалаган эле.

Ташиев былтыр 22-июлда Ноокен районуна барганда Немат уулу аталган аймактын акиминин орун басары болчу. Анда Ташиев ага кайрылып, "4 жыл биринчи орун басар болгондон кийин сөзсүз аким болуш керек" деп, аны өлкөнүн түндүк жагына жиберүүнү убада кылган.

Кийин Ташиев Нарын шаарына барганда Немат уулуна жолугуп, аны аталган кызматка президенттен суранып алып келгенин айткан болчу.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан