УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулунан коюлган тапшырмаларды так аткарууну талап кылды.
"Сизге ишенип, атайын Ноокенден алып келдик. Мен президентке айтып, сурандым эле, өлкө башчыбыз туура түшүнүп, алып келди. Демек, актагыла",- деди ал.
Эске салсак, 25-июлда Жайнак Немат уулу Нарын шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал бул кызматка келгенге чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Немат уулуна акимдик кызматты убадалаган эле.
Атайын кызматтын башчысы 22-июлда Ноокен районуна барганда Немат уулу аталган аймактын акиминин орун басары болчу.