Нуртилек Орозбаев Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Президенттин администрациясы анын ордуна Эдилбек Тажимырзаев дайындалганын кабарлады.
Буга чейин ал өз каалоосу менен кызматтын тапшырып жатканын Кара-Көл шаарынын мэриясы кабарлаган.
Айта кетсек, Орозбаев бул кызматка 2024-жылдын август айында дайындалган. Былтыр октябрь айында ал өлкө башчы Садыр Жапаровдон тил уккан. Президенттин ачуусун аймактагы мугалимдер көйгөйү келтирген болчу.