Кара-Көл шаарынын мэри болуп Нуртилек Орозбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Орозбаев Нуртилек Орозбаевич Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган кызматты Таалайбек Конкобаев аркалап келген.