Орусиянын борбору Москва шаарындагы метронун станцияларында түрдүү концерттер орун алып, жүргүнчүлөрдүн маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошуп келет. Дал ушундай музыкалык аянтчалардын биринде кыргызча ыр жаңырып, интернет желесинде видеосу тарады. Бул жагымдуу жагдай бир жагынан сыймыктанууну жаратса, экинчи жагынан "ким аткарды экен" деген кызыгууну жаратты.
Коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн аткаруунун автору Нурдөөлөт Бактыбеков. Учурда ал Орусиянын театралдык искусство институту – ГИТИСте 3-курстун студенти. SUPER.KG порталы аны менен метродо аткарылган чыгарма жана Москвадагы билими туурасында маек курду.
23 жаштагы Нурдөөлөт Ош облусунун Алай районунда туулуп өскөн. 11-классты аятаган соң Кыргыз-Түрк "Манас" университетине окууга тапшырып, 3 жылдан кийин Орусияга окууга кеткен. Кенен маекке көңүлүңүздөрдү буруңуздар.
- Саламатсыңбы, Нурдөөлөт мырза! ГИТИСке кантип тапшырып калдың? Ал жакта билим алып жатканыңа 3 жылдын жүзү болуптур...
- Саламатсыздарбы! Мен Кыргы-Түрк "Манас" университетинде 3-курста окуп жатканда Орусиянын театралдык искусство институту актёрдук чеберчиликке студенттерди кабыл алып жатканы боюнча жарыя окуп калгам. Анан өзүмдү сынамакчы болуп ал жакка тапшырып, өтүп кеттим. Албетте, дароо эле мени окууга кабыл алышкан жок. Чындыгында экзамен тапшыруу өтө оор болду. Талапкерлер да, атаандаштык да курч. 10 күнгө жакын кабыл алуу болду. Ошондо орусиялык белгилүү актёр, режиссёр Владимир Николаевич Панков өзү келип кабыл алып, окууга өтүп кеттим. Азыр тайпада 33 студент болсок, анын 11и кыргыз улутунан. Тамашалап жатып "Панков атындагы кыргыз-орус бөлүмү" деп күлүп калабыз. Агай бизди өз маданиятыңарды жайылткыла, таанылткыла деп шарт түзүп берип жатат.
- Интернет желесинде кыргыз жигити башка крусташтарын ээрчитип барып Москванын метросунда "кыргызча ырдады" деп таанымал болуп кеттиң. Бул демилге кайдан чыкты? Курсташтарыңдын көпчүлүгү башка улуттан да. Аларды кандай көндүрдүң?
- Ушул жерден тактап кетейин. Кээ бир пабликтер туура эмес маалыматтарды берип, тактабай эле жайылтып жатат. Бул досторубуз менен "жүргүлө барып жөн эле ырдап келели" же "акча, табалы" деген максатта барып ырдаган эмеспиз. Москвада метролордун станцияларында атайын концерттер уюштурулуп, мен-мен деген белгилүү чыгармачыл адамдар барып концерт берип турат. Адатта 27-декабрь Орусияда театр күнү болгондуктан метродогу концертке биз чакыртылдык. Агайыбыз Панков "Ленком Марка Захарова" атындагы Москва театрында көркөм жетекчи болуп иштегендиктен, анын атынан барып, расмий чакыруу менен концерт коюп кайтканбыз. 4 саатка созулган чыгармачыл кечебизде түрдүү ырларды аткарып, анын ичинде 4 ирет кыргызча ырдадык. Дал ушул маркум Акжолтой Канатбек уулуна таандык "Деңиздеги" аттуу ыры баарынын жүрөгүн багындырды.
Репертуарыбызга кыргызча ырлардын кошулушунун негизги демилгечиси – агайыбыз. Ал киши бизди тамашалап "СССР тайпасы" деп атап коёт. Анткени орус, кыргыз, латыш, украин, өзбек жана башка улуттун жаштары бириккенбиз. Андыктан кыргызча аткаруу тайпалаштарым үчүн маселе жараткан жок. Биз ар дайым кыргыз ырларын бирге ырдап, аткарып келебиз.
Дагы бир нерсени баса белгилегим келет. Владимир Николаевич кыргыз маданиятына болгон сыйын байма-бай айтып турат. Жадакалса ал бизге "башкаларды туурабай, өз маданиятыңарды жайылткыла" деген пикирин да билдирген. Мындан улам улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасы биздин тайпанын биринчи дипломдук спектакли болду. Учурда Тверск станциясында ГИТИСтин окуу теарты бар, ай сайын бир ирет бул спектаклди ойнойбуз. Анын өзгөчөлүгү тайпадагы башка улуттар кыргызча, биз болсо орусча аткарабыз. Учурдан пайдаланып Москвада жүргөн мекендештерди спектаклге чакырып кетмекмин.
- Келечек пландарың кандай?
- Кыргыз элинин маданиятын өнүктүрөбүз, жайылтабыз деген аруу тилектер менен жүрөбүз. Буюрса, ушул иштердин өтөсүнөн чыгып, мыкты актёр, актриса болсок деген тилектер бар. Кино жаатында да өзүмдү сынап көргүм келет. Буюрса, баары алдыда.
- Сен сыяктуу актёр болуп, чет өлкөгө барып билим алсам деген жаштарга кандай кеңеш бересиң?
- Кесипти ички туюм менен тандоо өзгөчө маанилүү. Өз өлкөбүздө да көп окуу жайлар бар, ага тапшырып алдыга жылуу жеке аракетиңе көз каранды. Сага ата-энең, жакындарың дем-күч бериши мүмкүн, бирок алар сенин ички кыялдарыңдын толук ишке ашышына, өзүңдү табышыңа көмөк бере албайт да. Ар ким өз жөндөмүн таап, аракет кылыш керек. Чет өлкөгө чыгам деген жаштарга айтарым – тил үйрөнгүлө. Мигрант болуу кыялында эмес, билим алуу, саякаттоо багытында чет жакка чыгууга аракет кылгыла демекмин. Эгер мен сыяктуу актёр болом дегендер болсо жарыяларды байма-бай карап, жарманкелерге катышып тургула деген сунушумду айтмакмын.
- Чоң мегаполисте кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
- Москвада театр да көп, адамдардын кызыгуусу да арбын. Көрүүчүлөр алдын ала билеттерди сатып алып, маданияттуу эс алууну биринчи орунга коюшат. Бизге болсо маданиятыбызды жайылтууга кенен шарт түзүлгөн. Ар бир чыгарманы иштеп чыгып, аткарып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапсак – ошол ийгилик. Учурда кыргыздар мигрант болуп гана келет деген түшүнүктү жоюп, алар билим алууга, мыкты спектаклдерди аткарууга келет деген түшүнүктү калыптандырууга аракет кылуудабыз.
Спектаклге келген ар бир көрүүчүнүн эмес, бирден күйөрмандын жан дүйнөсүн багындырып алсак, кийин алар көбөйөт. Ошентип кыргыздар театрда актёр деген сөздөр келип чыгат. Анан да улуттук кийимдерибизди кийип чыкканда кызыккандарды көрүп, өзүбүз бир толкунданып алабыз.
- Нурдөөлөт мырза, маек үчүн ыраазычылык билдиребиз. Чыгармачылык эргүү каалайбыз.