Кечээ, 31-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбеков Ички иштер министрлигинде сурак бергенин бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ал кайсы иш боюнча суралганы белгисиз. Азырынча ИИМ бул боюнча маалымат бере элек.
Айта кетсек, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Анын ордуна №21 шайлоо округу боюнча Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши керек болчу. Бирок мандат берүү кечеңдеп, муну БШК Айдарбековго байланыштуу ИИМден тиешелүү маалымат күтүп жатканы менен түшүндүргөн. Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтып чыккан.