"Центерранын" адвокаты болуп алды" деп мени айыптап жатышат. Мен эч качан аларга адвокат болгон эмесмин, кыргыз элинин кызыкчылыгын гана коргойм",- дейт премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Мындай пикирди өкмөт башчы "Ата Журт" фракциясынын жыйынында айтты.
Сатыбалдиев депутаттарды бул маселе боюнча туура чечим кабыл алууга чакырды. Жыйында "Кыргызалтын" ишканасынын өкүлү Дилгер Жапаров жаңы ишкана түзүлсө "Кумтөрдө" 2026-жылга чейин 307 тонна алтын өндүрүлө турганын айтты.