Жылдыз Жолдошова “Кумтөрдү” токтотууну сунуштады

“Ата Журт” фракциясынын 24-январдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова “Кумтөр” ишканасын токтотуп, жаап салууну сунуштады. Айтымында, “Центерра” алып келген экологиялык зыяндын кесепетинен Ысык-Көлдө майып ымыркайлар төрөлүүдө. 

“Канадалыктар экологияны бузуп бүтүштү, мөңгүлөр эрип, алар казган чуңкурларга суу толуп калды. Эртең алар кетип калат, кандай келишим түзсөк да бузулган экологиябыз менен биз калабыз. Менимче, “Кумтөрдү” токтотуп, жаап салыш керек. Жакырчылыктан чыгып кетсек болот. Алтыныбыз иштетилбесе да жер алдында турсун”,- дейт Жолдошова.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөрдү” токтотуу деген таптакыр туура эмес экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан