Ош шаарында газ жетиштүү берилбей жатат

Кечээ, 23-январда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак эли менен жолугушуу учурунда жергиликтүү калк мэрден тез арада газ, суу маселесин чечип берүүсүн суранган эле.

Бүгүн, 24-январда калаа башчы газ көйгөйүн чечүү үчүн Ош шаардык газ башкармалыгынын имаратына барып, жетекчилери менен жолукту. Алар шаардык тургундарына жетиштүү деңгээлде газ берилбегенин Өзбекстандан норма боюнча келбей жаткандыгы менен түшүндүрдү.

"Норма боюнча Ош шаарына 3 миң метр куб берилиши керек эле. Бирок Өзбекстандын өзүлөрүнүн элине газ таңкыс болгондугуна байланыштуу, бизге 2 миң метр куб берилип жатат",- деди шаардык газ башкармалыгынын жетекчиси Мамакалык Аматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан