АКШнын лидери Дональд Трамп Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жубайы Брижит Макрон менен болгон мамилесин тамашага салды. Бул тууралуу Трамп Ак үйдө АКШ-НАТО алакасы тууралуу сүйлөп жатып айткан.
"Мен Макронго телефон чалууну ойлоп жүрөм, ага аялы абдан жаман мамиле жасап жатат. Ал жаакка жеген соккусунан улам дагы деле жакшы боло элек",- деген Трамп.
АКШ лидери сөз кылып жаткан Макрондун окуясы өткөн жылдын май айында анын Вьетнамга болгон иш сапары учурунда катталган. Анда Франциянын президентин жубайы бетке чаап жиберген.
Ал Макронду Улуу Британияга барганда дагы ыңгайсыз абалда калтырган. Анда өлкө башчысынын учактан түшүп келе жаткан жубайына сунган колу жоопсуз калган болчу. Интернет желесинде Брижит Макрондун Улуу Британияда Эммануэль Макронго кош көңүл мамиле кылган учурдун дагы видеосу тарап, талкуу жараткан. Daily Mail басылмасы президенттин үй-бүлөсүнө жакын булактарына таянып, Брижит Макрондун маанайсыздыгына анын эжесинин каза болгону себеп экенин жазып чыккан.