Биз социалдык тармакта

Бишкекте иттер кол салган баланын абалы айтылды

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте иттер кол салган 5 жаштагы баланын абалы тууралуу маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, бала 1-апрелде саат 15:40 чамасында Тез жардам клиникалык ооруканасына түшкөн. Баланын баш мээси жабыркаган.

"Баш териси сыйрылып, кол-бутунун көп жерлери тиштелген. 1-2 даражада травмалык шок алган. Учурда баланын абалы туруктуу. Бардык керектүү медицианалык жардам көрсөтүлүүдө. Дарыгерлердин көзөмөлүндө",- деп билдирди министрлик.

Интернет желесине бүгүн "үч ит талап кетти" деп 5 жаштагы баланын сүрөтү тараган. Буга удаа милиция маалымат берип, окуя Калыс-Ордо-2 конушунда катталганын билдирген.








РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан