Бишкекте иттер кол салган 5 жаштагы бала боюнча шаардык милиция үн катты.
Маалым болгондой, окуя 1-апрелде, саат 17:37 чамасында болгон. Милицияга Калыс-Ордо-2 конушунда иттер 5 жаштагы балага кол салганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо барып, маалымат тастыкталды. Жабырлануучу 2019-жылы туулган У.А. аттуу бала экени аныкталды.
Иттер дароо атылды. Укук коргоо кызматкерлери саат 18:00 чамасында баланы ооруканага жеткиришти.
Учурда анын абалы туруктуу. Тергөө иштери уланууда.