“Кумтөр” келишимин денонсациялоого Садыр Жапаров маселе көтөрүп чыкканда депутаттар даяр болчу. Муну “Ата Журт” фракциясынын жыйынында депутат Курмантай Абдиев айтты.
“Мен ошондо Садыр Жапаровго келип “улутташтыруу эмес, денонсацияга барсак кантет?” деп сурадым. Буга ал болбой койду, "улутташтырышыбыз керек, иштей турган адистер бар, өзүбүз иштетебиз" деп. Ошондо кол көтөрүп койгондо денонсациялап коймок экенбиз. "Кумтөр" бизге байлык эмес эле чекеге чыккан чыйкан болду”,- деди Абдиев.