Бүгүн, 24-январда Шевченко атындагы мектебинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мекемелердин дене тарбия мугалимдери спорттун бир нече түрү боюнча мелдеш өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди.
"Иш-чарага мектеп директорлору да катышып, өз бааларын беришүүдө. Аталган иш-чаранын максаты - жаштарды спортко үндөө. Дене тарбия мугалимдери башкаларга өрнөк катары спорттун мыктылары болушу керек",- деди Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси.