Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшембиев бүгүн, 24-январдагы маалымат жыйынында “биздин жаранды айбанча өлтүрүп, чек арачылардын талаптарын укпаганы үчүн сепаратисттер өлтүрүлдү” деп билдирди.Анын айтымында, кылмышкерлер жылынуучу бекетти өрттөп салышкан. “Түтүндү пайдаланып качууну ойлошкон. Аларды чыгарып жибербөө үчүн курчап турган топтун башчысына жок кылуу боюнча команда бердим”,- деди ал. Мындан сырткары 1996-жылы да уйгурлар чек араны уруксатсыз кесип өтүүгө аракет жасашканын кошумчалады. |