Биз социалдык тармакта

Алмамбет Шыкмаматов салык карызын банктык эсептерден өндүрүп алуу боюнча түшүндүрмө берди 

Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов салык карызы бар жарандардын банк эсебинен аны өндүрүп алуу боюнча кабыл алынган чечимге түшүндүрмө берди.

Ал "Биринчи радиого" берген маегинде мындай кадам жарандарга жеңилдиктерди берерин айтты. Салык кызматынын жетекчиси салык төлөөдө кайдыгерлик менен тоготпостук туура эмес экендигин баса белгиледи.

"Биз салыктык карызы барларга 3 жол аркылуу билдирүү жасайбыз. SMS барат, жашаган жерине кат жөнөтүлөт, электрондук кызматтар аркылуу билдирүү барат. Анан ага 1 ай убакыт беребиз. Эгер берилген убакытта жаран төлөбөсө, анда банктык эсебинен акчаны алып коёбуз.

Ал эми эски эреже менен калсак, анда биз карызды өндүрүү үчүн сот аткаруучуга беребиз. Сот аткаруучу үйүн, унаасын камакка алып, учууга тыюу салат. Анан карызы бар жаран айласыз төлөйт. Ал сот аткаруучуга да пайызын берет жана өткөрүп жиберген убактысы үчүн туумду да төлөйт. Ошондо биз, тескерисинче, жеңилдетип берип жатпайбызбы",- деди Шыкмаматов.

Айта кетсек, жарандардын банк эсептеринен жана электрондук капчыктарынан салык карыздарын түздөн-түз өндүрүп ала турган мыйзам жыл башында күчүнө кирген.


Алмамбет Шыкмаматов салык карызын банк эсептерден өндүрүп алуу боюнча түшүндүрмө берди 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан