Биз социалдык тармакта

Эми Салык кызматы жарандардын карыздардын банк эсебинен өндүрүп ала алат

Салык кызматы жарандардын банк эсептеринен жана электрондук капчыктарынан салык карыздарын түздөн-түз өндүрүп ала турган мыйзам жыл башында күчүнө киргенин эскертүүдө.
Маалымдалгандай, жарандын төлөө мөөнөтү өтүп кеткен салыктык карыздардан анын банк эсебинен өндүрүлүп алынат. Ага төмөнкүлөр кирет:
  • Салык төлөөчү өзүнүн салык отчётунда көрсөткөн суммалар;
  • Салык органы тарабынан эсептелип чыгып, мыйзамда белгиленген мөөнөттө даттанылбаган суммалар;
  • Күчүнө кирген сот чечими менен тастыкталган суммалар;
  • Салык төлөөчү тарабынан арыз аркылуу түздөн-түз таанылган суммалар.
Салык кызматы жарандарды карыздарын өз убагында текшерип турууга чакырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан