Венесуэланын  абактарында дискотека өтөрүн өлкө бийлиги моюнга алды

Венесуэланын бийлиги өлкөнүн абактарында дискотека өтүп келгенин моюнга алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.   

Маалыматка ылайык, мындай кабардын жарык көрүүсүнө 18 жаштагы кыздын Токорон шаарындагы түрмөдө өткөн дискотекалардын биринде баңгизатты өлчөмүнөн көп колдонуп, ошол жерде көз жумганы себеп болгон.

“Абактарда дискотека өлкөдө төңкөрүш болгон жылдан тарта, тагыраак айтканда, 1999-жылдан бери болуп келет. Тилекке каршы, аны токтотууга көргөн көп аракетибиз текке кетти” деп билдирди окуядан кийин Түзөтүү мекемелери боюнча министр Ирис Варела.

Айрым маалыматтарга таянсак, 2013-жылдын акыркы 9 айында Венесуэланын абактарында 300дөн ашуун киши көз жумган. 

Токорондогу абактагылар абактын тардыгы боюнча айтып, шарттарды жакшыртуу талабы менен түрдүү баш аламандыктарды уюштуруп келишет. Анткени 14 миң кишиге туураланган абакта 50 миң киши камалган.   

1999-2010-жылдар аралыгындагы көрсөткүч боюнча өлкөнүн абактарында жалпысынан 4500 киши өмүрү менен коштошкон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан